Кыргыз Эл артисти Анатолий Адали 80 жашта

Кыргыз Эл артисти Анатолий Адали. (сүрөт Ч. Айтматов атындагы орус драма театрынын сайтынан алынды)

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Анатолий Адали 80 жашта. Буга байланыштуу бүгүн, 14-апрелде Ч. Айтматов атындагы орус драма театры актердун катышуусунда "Янтарга оролгон сүйүү" деп аталган спектаклин тартуулайт.

Анатолий Адали өмүрүнүн 60 жылга жакынын театрга арнаган, анын ичинен 40 жылдан ашуун убакыттан бери Айтматов атындагы драма театрда иштеп келет.

Ал жүздөгөн спектактлдерде ойноп, көптөгөн мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктарга ээ болгон. 1990-жылы Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти, ал эми 2000-жылы Эл артисти наамын алган. (ZKo)

Дагы караңыз

Байден Путинге чалып, Украинанын коопсуздугу жаатында саммит өткөрүүнү сунуш кылдыБайден АКШ аскерлерин Ооганстандан 11-сентябрга карата чыгаратОлимп оюндарына жолдомо уткан спортчуларБишкектен табылган бала документ иштери бүтмөйүнчө энесине берилбейтКоронавирус жугузуп алган 900дөн ашык бейтаптын абалы оор«Кустуруу» иши: Жумалиев мамлекетке заводун берди Байден Бруклин-Сентер аймагынын тургундарын тынчтыкка чакырдыЖергиликтүү кеңештерде аялдарга төрт эсе көп мандат тиетНавальный Куранды киргизбей жатканы үчүн түрмө жетекчилигин сотко берди