Токтогулда жоокердин кызматташына ок аткан окуясы териштирилип жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигине караштуу Ички аскерлеринин Токтогул ГЭСин кайтарган жоокери 13-апрелде таңга жуук куралын кокусунан атып алган.

Натыйжада кароолдун башчысынын жардамчысы, ефрейтор Н.И. оң колунан жаракат алган. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ок тийген ефрейтордун анын абалы туруктуу. Ал Кара-Көл шаардык аймактык ооруканасына жеткирилген.

Окуяны Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы териштирип жатат. (MiK)

Дагы караңыз

Индия “Sputnik V” вакцинасын колдонууга уруксат бердиОрозо маалында топтошуп ооз ачуулар чектелбейт  ЕБ Кыргызстанды шайлоодогу кемчиликтерди жоюуга чакырдыИран Евробиримдик менен адам укуктары, террорчулукка каршы күрөш жана качкындар жаатында кызматташууну токтото туратБишкекте 16 жаштагы кыз изделүүдөCOVID-19: Казакстанда бир күндө 24 бейтап ажал тапты