Шайлоодогу нааразылык: олигарх партиялар, мыйзам бузуулар

Шайлоо жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү Ош шаарында дагы чогулду.

Кыргызстандын 28 шаарында өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу көрүнүштөрү орун алды. Бул тууралуу айткан байкоочулар айрыкча, Бишкекте капчыктуу бир катар саясатчылардын партияларынын ортосунда күрөш жүргөнүн белгилешүүдө.

Деген менен бул шайлоодо мурдагы добуш берүүлөрдөн айырмаланып, бир партиянын көпчүлүк шаарларда жеңген учуру катталган жок.

Дагы караңыз Бир нече партия кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда

Бишкек жана Ош: шайлоодон кийинки нааразылык

12-апрелде Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдына митингге чыгышты.

"Бүтүн Кыргызстан", "Коммунисттер", "ДДК", "Тынчтык", "КСП", "Улуу Журт", "Бийлик элге" жана "Жашылдар" партиясынын ондогон тарапкерлери "бир катар одоно мыйзам бузуулар болду" деген негизде башкалаадагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.

Алар ошондой эле кайрадан шайлоо жарыялоо керектигин айтышты.

Президент Садыр Жапаровго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага Бишкектеги шайлоо жыйынтыгын четке кагууну өтүнгөн кайрылуу даярдалып жатканын митингдин алып баруучусу, "Комунисттер" партиясынын мүчөсү Амантур Манакбаев маалымдады.

Боршайкомдун төрагасынын орун басары Акылбек Сариев ар бир жаран өз оюн билдирүүгө укуктуу экенин, нааразы тарап мыйзам бузуулар тууралуу жыйынтык чыккандан кийин эмес, убагында кайрылса болмок деген оюн билдирди.

Дагы караңыз Бишкек: экс-мэрлердин партиялары алдыга чыкты

11-апрелдеги шайлоодо Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 25 партия ат салышты. Баштапкы жыйынтыкка караганда, алты партия 7% чектен өттү. Эми "Эмгек" партиясы 9 мандат, "Ак Бата" 8, НДПК 8,"Ата Журт Кыргызстан" 7, "Ынтымак" 7, "Биздин эл" 6 мандат алышы мүмкүн.

Ушундай эле нааралык акциясы Ош шаарында да болду. Борбордук аянтка 12-апрелде отуздай адам чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгынын жокко чыгарылышын талап кылышты. Алардын арасында “Бүтүн Кыргызстан”, “Улуу журт” жана “Бир бол” партиясынын өкүлдөрү болду. Алар шайлоо добуш сатып алуу, административдик ресурс менен өткөнүн айтып, нааразы болушууда.

“Бүтүн Кыргызстандын” өкүлү Улан Канат уулу шайлоо жыйынтыгына нааразылар тиешелүү орган-мекемелерге кайрылганы жатканын билдирди:

“Расмий органдарга да атайын кайрылуу даярдап жатабыз. Кечээ шайлоо таза өткөндө бүгүн чыкпайт элек. Азыр бул жерде “Бүтүн Кыргызстан”, “Улуу-Журт”, “Бир бол” партияларынын өкүлдөрү келди “Улуттар биримдиги” да келет”.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ошто шайлоо жыйынтыгына нааразылар акцияга чыкты

11-апрелде добуш берүү аяктагандан кийин Ош шаарында "Улуттар Биримдиги", "Республика", "Бүтүн Кыргызстан", "Ишеним", "Улуу Журт" жана "Бир Бол" партиялары чогуу билдирүү жасап, анда бул шайлоонун "эң ыплас" өткөнүн айтып сындашкан.

Ал эми Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Муктар Пайзилдаев, шайлоо таза өткөнүн ынандыруу менен жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз жок экенин билдирди:

«Менин байкашымча, шайлоо таза өттү. биздин демократиялуу мамлекетибизде шайлоонун жыйынтыгына макул болбогондор, митингге чыгабы, тааныбай коёбу, алардын иши. Эгерде биздин чечимге макул болбогон саясий партиябы, талапкерби, Боршайкомго арызданууга укуктуу. Шайлоону жокко чыгарууга, менимче, негиз жок. Өтө одоно мыйзам бузуу байкалган жок».

"Акчанын, бийликтин күчү менен жеңишке жетти"

“Бир бол” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо мыйзам бузуу менен коштолгонун айтып чыкты.

Алтынбек Сулайманов

“Өткөн шайлоодон эч кандай айырмасы болгон жок. Ошондой эле административдик ресурс, добуш сатып алуу болду. Акчанын, бийликтин күчү менен жеңишке жетти. Биз мыйзамды түп тамырынан өзгөртүшүбүз керек экен”

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жалпы шайлоочулардын 70 пайызга жакыны катышкан жок. Бишкек шаарында шайлоого келүүдөн баш тарткандар 74 пайызды түзөт.

Дагы караңыз Жапаров кубаттаган Конституция колдоо тапты

Шайлоолорго байкоо салып келген “Жарандык платформа” коомдук фондунунун жетекчиси Айнура Усупбекова акыркы жылдары Бишкекте каттоого турган шайлоочулардын курамы кескин өзгөрдү дейт. Усупбаева шайлоо өнөктүгү социалдык тармак менен гана чектелбесин белгиледи:

“Протесттик маанайда иш алып барган партиялар кийинки стратегиясында жер-жерлерде эл менен иштеш керек болуп жатат. Мисалы “Реформаны” айтып коёлу, социалдык тармакта колдоочулар көп, бирок, алар пассивдүү болуп жатпайбы, көбүнчө "керебет талдоочулар". Кадимки эл, базарда иштегендер мамлекеттик маалымат каражаттарынан маалымат алып, ошого жараша добуш берет”.

Дагы караңыз Жаштар кураган, жардам сураган «Реформа»

Усупбаева сөз кылган “Реформа” партиясынын электораты аймактарда эмес, Бишкек шаарында көп деп айтылып келген. Бирок “Реформа” партиясы жети пайыздык чектен өткөн жок. Аталган партияны соңку президенттик шайлоодо талапкер болгон Клара Сооронкулова, Элдар Абакиров, Аймен Касенов баштап чыккан. Касенов “Реформа” партиясы эл менен иштебей койду деген ойго кошулбайт.

“Эл чарчап калды го дейм шайлоолордон. Биздин электорат деле келип берди. Көп жаңы партиялар пайда болуп, жакшы жаш балдар бар болчу. Алар дагы бөлүп кетти. Экинчи жагы массалык добуш сатып алуу көп болуп калды. Эл менен да иштегенбиз, базарларга бардым, үймө-үй кыдырып, үгүттү жакшы эле жасадык”.

"Байлар билет, ким кедей экенин"

Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык экс-президент Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетиши менен аяктаган. Анда парламентин жүздөн ашык мандатын олигархтардан куралды делген “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партиялары ээлеген.

Дагы караңыз Бишкектин көйгөйлөрүн көтөргөн дебаттар

Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодо акыркы орундардын бирин ээлеген “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Булекпаев мурдагы чиновник, олигархтардын партияларынын шайлоону утушун элдик жакырдыгынан көрөт.

"Эл кедей болуп жатат, элде акча жок. Шаардын тургундары сатылып жатат. Байлар билет, ким кедей экенин, сатып алат. Сак болгула, айткан жолуңардан кайтпагыла, ал партияны шайласаңар дагы кедей болосуңар деп айтып келгенбиз. Мурун да ушундай болгон, анан да шаардыктар шайлоого келбейт. Каттоо жок, биометрикасы жок, кыскасы хаос болуп жатат. Ошол үчүн эл келген жок”.

Жогорку Кеңеш депутаты Жанар Акаев жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча кеңири пикирин “Фейсбук” баракчасына жарыялады. Акаев алдыдагы парламенттик шайлоодо кайра эле акчалуу партиялар келерин божомолдойт:

“Олигархтардын, базаркомдордун, бизнесмендердин партиялары утушунун сыры - элибиз жакыр, акчага муктаж. Булар сатып алып коюшту. Кантип сатып алууну мыкты өздөрүшкөн. Билимдүү, прогрессивдүү талапкерлерди колдогондор да жок эмес. Тилекке каршы, алар азчылыкты түзүп жатат. Мындай жол менен кетсек, Жогорку Кеңешке шайоодо деле 3-4 олигарх алып чыккан партиялар келип парламенттин курамы мындан дагы начар болушу мүмкүн”.

Дагы караңыз Референдумга келбеген журтташтар

Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодо экинчи орунду алган “Ак-Бата” партиясынын лидери Нариман Түлеев шаардыктар мурда жасаган ишке карап добуш берди деп эсептейт.

“Мурда иштеп кеткендин жыйынтыгы. Жаңы командада бараткан жаш балдарга ишенди. Алдыга койгон пландарды аткарабыз деп ойлойбуз”.

БШК: добуш сатып алуу - олуттуу мыйзам бузуу

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 12-апрелдеги брифингде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумдагы мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берди.

Нуржан Шайлдабекова

Анын айтымында, эгерде кайсы бир шайлоо тилкесинде эреже бузуулар аныкталса, ал жердеги добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарылат. Партиялар менен талапкерлерге да чаралар көрүлөт. Айрымдарынын талапкер катары каттоосу жокко чыгарылышы мүмкүн.

Шайлдабекова шайлоо жыйынтыгына макул болбогон партиялар менен талапкерлерди мыйзам чегинен чыкпоого чакырды. Учурда укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланышкан арыз-даттануулардын үстүндө иштеп жатканын айтты.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Боршайком төрайымы добуш сатып алуу - олуттуу мыйзам бузуу экенин белгиледи.

Ушул жылдын октябрь-ноябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Бул жергиликтүү кеңештерге шайлоо саясий партиялар үчүн чоң аламанга даярдык экени белгилүү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Шайлоо жана референдум: Алдыда бизди эмне күтөт?

Жалпысынан 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо болду. Баштапкы маалыматка караганда, Бишкекте "Эмгек", "Ак Бата", НДПК , "Ата Журт Кыргызстан" , "Ынтымак" , "Биздин эл" партиялары мандат алат.

Ош шаарында "Ата-Журт Кыргызстан", "Улуттар Биримдиги", "Ыйман Нуру", "Ынтымак" партиялары алдыга чыкты.

Балыкчы шаарында “Табылга”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Эмгек”, “Замандаш” партиялары, Баткен шаарында "Ала-Тоо-кыргыз жери", “Ынтымак”, “Эмгек”, “Жаңы-Доор” партиялары, Жалал-Абад шаарында “Ата-Журт Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ыйман Нуру” партиялары, Каракол шаарында “Бирге-Вместе”, “Табылга”, “Эмгек”, “Ыйман Нуру”, “Замандаш” партиялары, Талас шаарында “Аманат”, “Асыл Мурас-Жаштар”, “Республика”, “Ыйман Нуру”, “Кыргызстан” партиялары, Токмок шаарында "Эмгек", "Бирге", "Эл Биримдиги", "Республика" партиялары, Нарын шаарында “Улуу Кыргызстан", “Өнүгүү-Прогресс”, “Ыйман Нуру”, “Республика”, “Ордо”, “Бийлик элге”, “Патриот ынтымагы” партиялары шайлоо босогосунан өттү.

11-апрелде президенттик башкарууга ыңгайлашкан Баш мыйзамдын долбоору жалпы элдик добушка коюлду. Ага шайлоочулардын 37% ашыгы гана келип, анын 79% ашыгы "макул" деген добуш беришти.

Ушул тапка карата, 98% шайлоо тилкелерден маалымат келди. Добуштарды саноо уланып жатат. Ага жараша жыйынтыкта өзгөрүү болушу мүмкүн.