11-апрелде Кыргызстанда президенттик башкаруу системасын кайра орното турган Конституциянын долбоору боюнча референдумга тизмеге киргизилген шайлоочулардын 1 336 7438 же 37,08% келди.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 12-апрелдеги брифингде билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстандагы жана чет мамлекеттердеги 2437 добушканадан же 98% маалыматтар келди.
Референдумга карата жалпы 3 606 201 киши тизмеге киргизилген.
Анын 1 059 476ү же 79,24% "макул" деп добуш беришти. 182 533 же 13, 66% каршы болушту.
Бул акыркы жыйынтык эмес. Добуш саноо уланып жатат.
БШКнын расмий сайты көрсөткөндөй, референдумга катышкандардын 7 пайызга чукулунун же 90 миңден ашуун шайлоочунун бюллетени жараксыз деп табылды. 10-январдагы референдумга салыштырмалуу бул жолу жараксыз бюллетендер дээрлик эки эсе көп болду.
Мыйзамга ылайык, жалпы шайлоочулардын 30% катышса, бүткүл элдик добуш берүү өттү деп эсептелет. (NT)
Дагы караңыз
BAFTA: “Көчмөндөр жери” драмасы төрт сыйлык алды Ош: алты партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбайтБир нече партия кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылуудаБишкек: экс-мэрлердин партиялары алдыга чыкты