Курсан Асанов үй камагына чыкты

Курсан Асанов.

Бишкек шаардык соту 12-апрелде ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду үй камагына чыгарды.

Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталып, 26-январда кармалган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган.

Курсан Асанов былтыр Бишкекте октябрь окуяларындагы калайман башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда эки айга камакка алынып, 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган.

Ал соңку президенттик шайлоого катышкан жана жалпы шайлоочулардын 0,5% добушун алган. Кийинчерээк шайлоонун жана мамлекетти башкаруу системасын аныктаган референдумдун жыйынтыгына макул эмес экенин билдирген.

Асанов 2010-жылдын июнь айынан сентябрына чейин Ош шаардык ички иштер бөлүмүн жетектеген. 2010-2011-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2011-жылдан 2019-жылга чейин ички иштер министринин орун басары болуп эмгектенген.

Мындан сырткары ага "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деген берене менен, "Кой-Таш окуясына жана мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун арызынан улам кылмыш иштери дагы козголгон. (TSh)

Дагы караңыз

“Жалпы иш” уюму мыйзам бузулушу мүмкүн делген 101 учурду каттадыТүркия Айга уччу ракетанын кыймылдаткычын ийгиликтүү сынадыБишкекте милиция добуш сатып алуу фактылары тууралуу иш козгодуАКШ Орусияны Украинада "ойлонбостон" аракет кылып алчу болсо, кесепетке кабылат деп эскертти