Түркия Айга уччу ракетанын кыймылдаткычын ийгиликтүү сынады

Айга учуруу долбоору үчүн колдонула турган гибрид ракетанын шекили. Стамбул, Түркия. 2021-жылдын 28-февралы.

Түркия Айга учурула турган ракетанын кыймылдаткычын Стамбулдун жанындагы Шиле аймагында сынады. Бул тууралуу өлкөнүн өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк 11-апрелде «Твиттердеги» баракчасына жазды.

"Улуттук космостук программанын алкагында Айга учуруу долбоорунун биринчи баскычы болгон катуу ылдамдыкта конуу чарасына даярдыктарыбыз улантылууда".

Сыноонун кийинки айлампасы май айында өлкөнүн түндүгүндөгү Синоп шаарынын жанында жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, дагы бир "Sonda" ракетасынын кыймылдаткыч системасы сынактан өткөрүлдү.

Быйыл жыл башында түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөнүн Космос программасын жарыялаган. Батыш медиасы бул долбоорду дымактуу деп сыпаттаган. Өлкөдөгү оппозиция болсо анын экономикалык катаал шартта башталып жатканын айтып, Эрдоганды сындаган.

Анкара өзүнүн космодромун түзүп, космонавттарды даярдоону, ошондой эле жарандык жана аскердик муктаждыктар үчүн жаңы спутниктерди космоско чыгарууну көздөп келет. Программада Айдын эки экспедициясы - 2023 жана 2028-жылдарга пландалган.

Дагы караңыз

АКШ Орусияны Украинада "ойлонбостон" аракет кылып алчу болсо, кесепетке кабылат деп эскертти"Социал-демократтар" шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылдыМилиция көчөдө аялды сабаган факты боюнча иш козгодуКыргызстанда добуш берүү аяктап, шайлоо тилкелери жабылды"Реформа" көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылдыБШК: Референдумга катышкандардын 79,31% "макул" деп жооп берди Саат 18:00гө карата 1 миллиондон ашуун шайлоочу добуш бердиОш: Алты партия шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялады