Бүгүн, 12-апрелде адам баласы космоско учканына 60 жыл толду. Буга байланыштуу учурда Эл аралык космос станциясында жүргөн орусиялык космонавттар Сергей Рыжиков, Сергей Кудь-Сверчков, Олег Новицкий жана Петр Дубров мекендештерин космонавтика күнү менен куттукташты.
Кудь-Сверчков 60 жыл мурда орус космонавты Юрий Гагариндин космоско учушу дүйнөлүк тарыхтагы бурулуш учур болгонун белгиледи.
"Бул күнү анын атын бүткүл планета билген. Ошол күндөн тартып космостук учуулардын тарыхы башталат", деди ал.
Петр Дубров жана Олег Новицкий НАСАнын астронавты Марк Ванде Хай менен чогуу станцияга 9-апрель күнү "Союз МС-18" кемесинде учуп келишкен. 17-апрелде бул кемеде Кудь-Сверчков, Рыжиков жана америкалык астронавт Кэтлин Рубин Жерге кайтып келишет.
1961-жылы 12-апрелде Юрий Гагарин советтик «Восток-1» космос кемеси менен 106 мүнөттүн ичинде орбитаны бир ирет айланып, аман-эсен жерге конгон. Ал оболу Казакстандагы “Байкоңур” космос майданынан Москва убактысы боюнча саат 09:07де учуп чыккан. Орбитада жүргөндө ал өзүнүн алган таасирлери тууралуу үн тасмага сүйлөгөн, тамак жеген, суусундук ичкен, айтор, өндүрүштүк жеңил сыноолорду жүргүзгөн.
2011-жылы, советтик космонавт Юрий Гагариндин космоско учкандыгынын 50 жылдыгын утурлай БУУнун Башкы жыйыны 12-апрелди Адамзаттын космоско учуу күнү деп жарыялаган.
Кыргызстандан космос мейкиндигине Салижан Шарипов учкан. Ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.
Дагы караңыз
АКШ Орусияны Украинада "ойлонбостон" аракет кылып алчу болсо, кесепетке кабылат деп эскертти"Социал-демократтар" шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылдыМилиция көчөдө аялды сабаган факты боюнча иш козгодуКыргызстанда добуш берүү аяктап, шайлоо тилкелери жабылдыОштогу добуш сатып алуу фактысы бирдиктүү реестрге катталды Ош: Алты партия шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялады"Реформа": Шайлоодо мурдагыдай эле акча менен бийлик утту