Баштапкы жыйынтык: Ошто төрт партия 7% чектен өттү

Ош шаардык кеңешине шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жарыяланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсебине караганда, ушу тапта добуштардын 80,77% саналды.

Анын жыйынтыгы боюнча төрт партиянын алган добуштары 7% чектен ашты.

"Ата-Журт Кыргызстан" 48,82%, "Улуттар Биримдиги" 17,79%, "Ыйман Нуру" 8,38%, "Ынтымак" 7.03% добуш алганы белгилүү болду.

Бул акыркы жыйынтык эмес. Добуштарды эсептөө уланып жатат. (NT)

Дагы караңыз

Баштапкы жыйынтык: Жалал-Абад шаарында «Ата Журт Кыргызстан» алдыда Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жарыяландыБийлик: Шайлоочулардын 30% көбү добуш берди