Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 11-апрелде саат 18:00ге карата 1 миллиондон ашык адам добуш берди. Жергиликтүү шайлоого 1 024 891, референдумга 1 061 591 киши катышты
Шаардык кеңештерге талапкерлер үчүн 303 176 шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын 28,89% түздү.
Ал эми айылдык кеңештер үчүн 721 715 адам добуш берди. Бул - жалпы шайлоочулардын 31,81 пайызы.
Конституциянын жаңы редакциясы боюнча жалпы элдик референдумда добуш бергендер 29,44% жетти. Башкача айтканда, 1 061 591 киши добуш берүүгө келди.
Референдум үчүн 3 606 201 киши, жергиликтүү кеңештерге шайлоого 3 318 130 шайлоочу катталган.
11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. (TSh)
Дагы караңыз
Милиция: Таласта акча таратылганы жөнүндө маалымат такталган жокМелис Мырзакматов шайлоо боюнча президентке кайрылды"Реформа" көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылдыСаат 16:00гө карата 800 миңден ашуун шайлоочу добуш берди