Талас шаарындагы №3 мектеп-гимназиясындагы №6107 шайлоо участогунда добуш сатып алуу фактысы боюнча милицияга кабар түшкөн.
Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, акча таратуу фактысы аныкталган эмес.
Облустук милициянын басма сөз кызматы “акча таратып жатканы айтылган аял “Асыл Мурас Жаштар” саясий партиясынын байкоочулары менен түшкү тамактанууга акча каражатын бөлүштүрүп жаткан. Бул тууралуу маалымат берген аял туура эмес түшүнүп алганын айтты" деп билдирди.
Талас шаардык кеңешине 11 партия катышып жатат. (MKt)
Дагы караңыз
БШКга мыйзам бузуулар боюнча 43 кайрылуу түштүМелис Мырзакматов шайлоо боюнча президентке кайрылды"Реформа" көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылдыЭрназар Акматалиев Токио Олимпиадасына жолдомо алды