Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 11-апрелде саат 16:00гө карата 800 миңден ашык адам добуш берүүгө катышты. Жергиликтүү кеңешке 856 404, референдумга 888 331 киши келди.
Шаардык кеңештерге 254 732 шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын 24,27% түздү.
Ал эми айылдык кеңештер үчүн 601 672 адам добуш берип, жалпы шайлоочулардын 26,52 пайызына барабар болду.
Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу жалпы элдик референдумга добуш бергендер 24,63% жетти. Башкача айтканда, 888 331 киши добуш берүүгө келди.
Референдум үчүн 3 606 201 киши, жергиликтүү кеңешке 3 318 130 шайлоочу катталган.
11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. (TSh)
Дагы караңыз
“Жалпы иш” уюму мыйзам бузулушу мүмкүн делген 50 учурду каттадыСаат 14:00гө карата 700 миңдей шайлоочу добуш бердиАшыкча бюллетенди үкөккө салган учур тартылган видео териштирилип жататЭкс-президент Жээнбеков: Менде да айтыла турган сөз көп