Мелис Мырзакматов шайлоо боюнча президентке кайрылды

Мелис Мырзакматов.

«Улуттар биримдиги» саясий партиясынын лидери Мелис Мырзакматов Ош шаардык кеңешине шайлоо мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Мырзакматов мыйзамды сактоого эмес, бузууга шарт түзүп жатат деп жергиликтүү бийликти айыптады. Экс-мэр бул тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

«Социалдык тармактарда, массалык маалымат каражаттарындагы журналисттердин материалдарында добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонулуп жатканы жөнүндө маалыматтар жайнады. Тилекке каршы мындай көрүнүш бийликтин алмашуусуна себепкер болгон 2020-жылдын 4-октябрында өткөн “бандиттик шайлоону” эске салып жатат», - деди Мырзакматов.

Мырзакматов шаарда мамлекеттик органдар бир партиянын кызыкчылыгына иштеп жатканын айтты, бирок партиянын атын атаган жок. Ал президентти мыйзам бузууларга каршы чара көрүүгө чакырган.

11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Ош шаардык кеңешине тогуз партия ат салышууда. Алар: «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги», «Бүтүн Кыргызстан», «Ишеним», «Бир Бол», «Ыйман нуру», «Ынтымак», «Улуу журт» «Республика». Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн тогуз партиядан 702 талапкер катталган.

«Улуттар биримдиги» партиясынын лидери — Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов. Ал кызматта турган учурда 2010-жылы жергиликтүү шайлоодо партиясы 21 мандатка ээ болгон. Кийин партия өз алдынча бир да шайлоого катышкан эмес. Ага Мелис Мырзакматовдун чет өлкөгө чыгып кеткени себеп болгон.

Мырзакматов 2020-жылы октябрь айында бийлик алмашып, Ошто так талашуу болуп жаткан учурда Кыргызстанга кайтып келген. (TSh)

Дагы караңыз

“Жалпы иш” уюму мыйзам бузулушу мүмкүн делген 50 учурду каттадыСаат 14:00гө карата 700 миңдей шайлоочу добуш бердиАшыкча бюллетенди үкөккө салган учур тартылган видео териштирилип жататЭкс-президент Жээнбеков: Менде да айтыла турган сөз көпПрезидент Жапаров: мурунку бийликтин кемчилигин кайталабашыбыз керек