Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 11-апрелде саат 14:00гө карата 700 миңдей адам добуш берүүгө катышты. Жергиликтүү кеңешке 674 419, референдумга 700 000 киши келди.
Шаардык кеңештерге 200 367 шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын 19,09% түздү.
Ал эми айылдык кеңештер үчүн 474 052 адам добуш берип, жалпы шайлоочулардын 20,90 пайызына барабар болду.
Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу жалпы элдик референдумга добуш бергендер 19,41% жетти. Башкача айтканда 700 000 киши добуш берүүгө келди.
Референдум үчүн 3 606 201 киши, жергиликтүү кеңешке 3 318 130 шайлоочу катталган.
11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. (TSh)
Дагы караңыз
Экс-президент Жээнбеков: Менде да айтыла турган сөз көпПрезидент Жапаров: мурунку бийликтин кемчилигин кайталабашыбыз керекСаат 12:00ге карата жарым миллиондой шайлоочу добуш берди