Милиция: Партиялардын бирин-бири каралаган маалыматтары аныкталууда

Ош шаарындагы добушканалардын бири. 11-апрель, 2021-жыл.

Ош шаарында жана облуста саат 15:00гө карата шайлоого байланыштуу мыйзам бузуу жөнүндө 21 маалымат милицияда катталды. Алардын басымдуу бөлүгү добуш сатып алууга тиешелүү.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков шайлоодо партиялар бири-бирин каралап, жалган маалымат таратып жаткан учурлар бар экенин билдирди.

Анын айтымында, 16 маалымат электрондук китепчеге катталган. Алардын сегизи добуш сатып алуу, төртөө шайлоонун жүрүшүнө тоскоолдук кылуу, төртөө ээнбаштыкка байланыштуу:

«Шайлоонун жүрүшүндө партиялар бирин-бири каралоо, беделин түшүрүү аракетин жасап, ар кандай белгилүү жана белгисиз фейктерди пайдаланып, ушундай аракеттерге барып жатышат. Айрым маалыматтар жалган болуп чыгууда».

Ал эми Ош облустук милициясы добуш сатып алуу, үгүт жүргүзүү жана коркутуп-үркүтүү боюнча беш маалымат текшерилип жатканын кабарлады.

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. (DU)

Дагы караңыз

Шайлоо: Мыйзамсыз иштер тууралуу "Азаттыкка" кабарлаңызИран: Натанздагы уран байытуучу заводдо авария болдуЭкс-президент Жээнбеков: Менде да айтыла турган сөз көпОш: Беткабында белгиси бар шайлоочулардын иши тергелүүдө