Баткендин Бужум айылындагы №8077 шайлоо участкасында бир адам башка бюллетенди кошуп электрондук кутучага салып жатканы тартылган видео териштириле баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Алдын ала маалымат боюнча, бир шайлоочунун кабыл албай койгон бюллетенин экинчи киши өзүнүн бюллетенине кошуп салып жатканы белгилүү болду. Факты райондук милициянын электрондук журналына катталган.
«Kloop.kg» сайты буга чейин өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасында бир шайлоочу бир канча бюллетенди кутучага салып жаткан видеону жарыялаган.
Ошондой эле Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагына караштуу Жаңы-Маала айылындагы №5221 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңешке талапкерлердин акча таратып жатканы жөнүндө «Kloop.kg» сайтынын маалыматы текшерилип жатканы маалымдалды.
Аталган сайттын 3 миңдей байкоочусу жер-жерлерде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумдун жүрүшүнө байкоо салууда. (TSh)
Дагы караңыз
Экс-президент Жээнбеков: Менде да айтыла турган сөз көпОш: Беткабында белгиси бар шайлоочулардын иши тергелүүдөОштогу добуш сатып алуу фактысы бирдиктүү реестрге катталды Президент Жапаров: мурунку бийликтин кемчилигин кайталабашыбыз керекСаат 12:00ге карата жарым миллиондой шайлоочу добуш берди