Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 11-апрелде саат он экиге карата жарым миллиондой адам добуш берүүгө катышты. Жергиликтүү кеңешке 445 533, референдумга 465 121 киши келди.
Шаардык кеңештерге 133 116 шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын 12,68% түздү.
Ал эми айылдык кеңештер үчүн 312 417 адам добуш берип, жалпы шайлоочулардын 13,77 пайызына барабар болду.
Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу жалпы элдик референдумга добуш бергендер 12,90% жетти. Башкача айтканда 465 121 киши добуш берүүгө келди.
11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. (TSh)
Дагы караңыз
Ош: Беткабында белгиси бар шайлоочулардын иши тергелүүдөТүркияда эки шайлоо тилкеси ачылдыШайлоо жана референдум: түшкө чейинки жагдай