Шайлоо жана референдум: түшкө чейинки жагдай

Шайлоо тилкелери Бишкек сааты боюнча саат 8:00дө ачылды.

Адатта шайлоо участкалары жаңы ачылганда активдүүлүк жогору болот.

Мурдагы шайлоо өнөктүктөрүндө кээ бир адамдардын манжа мөөрүн атайын аппарат окуй албай, көйгөй жаралган эле. Ал мүчүлүштүк оңдолгону менен башка техникалык кемчилик толук жоюлган эмес - автоматтык эсептөө үкөктөрү иштен чыгып калды.

Оштогу шайлоо тилкелеринин бири.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңешке шайлоо жана Баш мыйзам боюнча референдумга добуш берип жатып, “Кыргызстан буга чейин башка мамлекеттерден көчүрүлгөн Конституция менен жашап келген” деп билдирди.

Мамлекет башчы кыргызстандыктарды референдумга активдүү катышууга чакырды. Президент Садыр Жапаров Чоң-Арыктагы №1053 шайлоо участкасында добуш берди.

Садыр Жапаров.

11 миң милиция кызматкери шайлоо учурундагы коопсуздукка жооп берет. Теплоключенка айылы.

Мэр Таалайбек Сарыбашов административдик ресурс колдонууну болтурбоо үчүн бир нече жолу жыйналыш өткөргөнүн, эгер мамлекеттик кызматкерлер аралашкан мыйзам бузуу катталса, аларга чара колдонуларын билдирди.

 

Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 9 партиядан 707 талапкер катталган. Шаарда 151 миңден ашуун киши шайлоого катышат. 

Автоматтык эсептөө үкөктөрү бузулган учурда шайлоо тилкелеринде кезек пайда болууда.

Ички иштер министрлигине (ИИМ) мыйзам бузуу жөнүндө 255 маалымат түшкөн.

Буга чейин НДПК, "Реформа", "Республика", "Реформа", "Республика", "Кыргызстан социал демократтары", "Улуу Журт", "Ак Бата" партиялары шайлоодо добуш сатып алуу жана административдик ресурс болуп жатканын айтып чыгышкан.

Ош шаардык милициясынын маалыматына ылайык, шайлоого байланыштуу 60тан ашуун билдирүү катталган.

Санитардык көзөмөл

Шаардык кеңештерде жалпы 796 депутаттык орун бар. Азыр бир мандат үчүн орто эсеп менен 14 талапкер ат салышып жатат.

420 айылдык кеңештердеги 7560 депутаттык орунга 18 772 талапкер катталды. Бир орунга эки же андан ашык киши атаандаш.

Шайлоочу жергиликтүү шайлоого катышып, референдумдун бюллетенин албай коюуга укугу бар.