Айзаданы өлтүрүүгө шектүү Замирбектин сөөгү жерге берилди

Алай районунун Жаңы-Турмуш айылындагы көрүстөн.

27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүрүүгө шек саналган 36 жаштагы Замирбек Теңизбаевдин сөөгүн Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Турмуш айылында 10-апрель күнү жерге беришти. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдирди.

Теңизбаевдин сөөгүн 10-апрель күнү таңга маал Бишкектен алып келишкен. Анын ата-энеси жана туугандары 25 жыл мурда көчүп кеткен айылына чогулду. Алар окуя тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышты.

Бишкекте 5-апрелде уурдалган Айзада Канатбекованын сөөгү 7-апрелде табылган. Бишкек шаардык милициясы аны уурдоого шек саналган 31 жаштагы Замирбек Теңизбаев кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгонун билдирди.

Бул окуя коомчулукта милицияга карата сынды күчөттү. Бишкек менен Ошто ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Ички иштер министринин 9-апрелдеги буйругу менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев баштаган 10дон ашуун кызматкер иштен алынып, дагы 30дан ашуун кызматкер түрдүү кызматтык жазага тартылганы кабарланды. (DU)

Дагы караңыз

Ысык-Көлдө сабалган уландын абалы оорМээрим менен Айпери Олимпиадага жолдомо алдыОш шаарында бүгүн 1519 адам добуш берүүгө катыштыАксынын кайык менен каттаган айылы добуш бердиЭкс-президент Роза Отунбаева COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү