Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун "Азаттык" радиосуна маалымдашынча, 9-апрелден 10-апрелге караган түнү Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда 17 жаштагы улан облустук ооруканага түшкөн.
Дарыгерлер жабырлануучунун баш сөөгү сынганын жана анын абалы учурда оор экенин билдиришти.
"Өспүрүм Кашка-Суу кичи районунда теңтуштары менен футбол ойноп жаткан кезде белгисиз балдар келип чакырып кеткен. Сүйлөшүү учурунда аны чакырган бейтааныш балдардын бири ыргыткан таш баланын башына тийген", - деди Сталбек Усубакунов.
Бул факты Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээн баштык") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Иликтөө иштеринин натыйжасында 10-апрель күнү Ак-Суу районунун Ташкыя айылынын бир нече тургундары шектүү катары кармалды. Алар Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Тергөө уланууда.(KS)
Дагы караңыз
Аксынын кайык менен каттаган айылы добуш бердиЭкс-президент Роза Отунбаева COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү«Камбар-Ата 1»: коңшулардын дымагы, коомчулуктун суроосуCOVID-19: Орозо айы жакындаганда Пакистан, Иран жана Түркияда коронавируска чалдыккандар кескин өстүCOVID-19 вирусун жуктуруп алган 27 бейтаптын абалы өтө оор "Замандаш" биримдигинин төрагасы Кадыр Бусурманкулов дүйнө салдыФутболчулар аялдарга зомбулукту токтотууга чакырган акция өткөрөтАнкаранын аял лидерге мамилеси сынга кабылдыИндия жаңы коронавирус толкуну менен алышып жататКоронавирус 208 адамга жукту, үч бейтап каза болдуОшто 7 жаштагы кызды зордуктоого шек саналган тургун кармалды