11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумга үгүт иштери аяктады.
Мыйзамга ылайык, бүгүн – добуш берүүгө бир күн калганда үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
Кыргызстанда 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.
Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 11-апрелдеги референдумга 3 606 201 адам катыша алат.
Эгер референдумга жалпы шайлоочулардын катышуусу 30 пайызга жетпесе, өткөн жок деп эсептелет.
Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.
Дагы караңыз
БУУнун өкүлү: Айзаданын окуясы коомдун трагедиясыБШК: 19 миңден ашык шайлоочу тилкеден тышкары добуш берүүгө арыз берди«Кадастр» ишканасынын Оштогу филиалынын башчысы кармалдыАйзаданын өлүмү: 44 милиция кызматкери жазага тартылды