Үгүт учурунда президентке жолуккан талапкер жөнүндө арыз түшө элек

Президент Садыр Жапаров аймактардагы медициналык мекемелердин жетекчилери менен жолукту

«Ишеним» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешине талапкер Шаятбек Абдрахманов кечээ, 8-апрелде президент Садыр Жапаров өткөргөн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча ыкчам жумушчу кеңешмеге катышты.

Иш-чарага өлкө аймагындагы бардык саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери чакырылган.

Абдрахманов шайлоого аттанганча Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери жана саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору болуп иштеп келген.

Мыйзамга ылайык, талапкер үгүт өнөктүгү учурунда жумушунан бошоп, мамлекеттик жана ишине байланыштуу иш чараларга катыша албайт.

Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Муктар Пайзылдаев талапкердин президент катышкан иш чарага барганы кайсы бир тараптан кагаз түрүндө арыз түшсө гана териштирилерин билдирди.

"Иштеп жаткан кызматы менен барган болсо бул мыйзамга туура келбейт. Ал эми жеке иши менен барса мүмкүн. Бизге арыз келсе карайбыз", деди Пайзылдаев.

Абдрахманов буга чейин үгүт өнөктүгү маалында Өзбекстандан жардамга келген тез жардам унааларын кабыл алууга аземине катышкан жана бул дагы сын-доомат жараткан.

«Ишеним» саясий партиясынан тизмесинде 26-орунда турат. (MrA)