Норвегиянын премьер-министри Эрна Сульберг COVID-19 илдетине байланыштуу карантин маалында туулган күнүн белгилеп, ага ашыкча конок чакырганы үчүн айыпка жыгылганын полициянын башчысы Оле Северуд маалымат жыйында билдирди.
“Адатта, полиция мындай эреже бузууларга эскертүү гана берет. Бирок бардык жарандардан эрежени сактоону талап кылган өкмөт башчысы өзү чектөөнү бузбоого тийиш болчу”, – деди полициянын башчысы Северуд.
Быйыл февраль айынын аягында Норвегиянын премьер-министри Эрна Сульберг 60 жашка толуп, бул юбилейлик датаны жакындарынын арасында белгилеген. Кечеге анын 13 жакыны катышкан. Карантиндик режимге ылайык, ал 10 киши чакырышы керек болчу.
Факты коомчулукка маалым болгондон кийин премьер-министр коомчулуктан кечирим сурады.
Саясатчы 2013-жылдан бери Норвегиянын өкмөтүн жетектейт. Ал 2004-жылдан бери парламентте көпчүлүктү түзгөн Консервативдик партияны башкарып келген. Туулган күнүнө ашыкча конок чакырганы үчүн премьер-министр 20 миң норвегиялык крон (2532 АКШ доллары) өлчөмүндө айып пул төлөгөн.
Дагы караңыз
БУУ ала качуу окуяларын дыкат иликтөөгө чакырдыАйзаданын окуясы: машине талаада бир топ убакыт токтоп турган Кармышаков: Маянаны көтөрүүгө каражат табылдыЭмомали Рахмон Ворухту алмашуу ыктымалдыгын четке какты Күбө: Айзаданы уурдашканы тууралуу милицияга 7:21де маалымат бергем