COVID-19: Бразилияда оорудан көз жумгандардын антирекорду катталды

Дүйнөдө 8-апрелде коронавирустан өлгөндөрдүн санына карап Бразилия биринчи орунга чыкты. Өлкөдө соңку бир күндө илдеттен 4249 бейтап ажал тапты.

Бул көрсөткүч менен Бразилия 20-январда АКШда катталган суткалык рекордго жакындады. Анда Кошмо Штаттарында ошондо бул оорудан бир күндө 4405 киши көз жумган эле.

Бразилиядагы COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны 13 миллион 200 миңден ашты. Жалпысынан пандемия башталгандан бери 350 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.

Өлкөдө оорукналар толуп калды, андан сырткары дары-дармек, медициналык керектүү жабдуулар таңкыстыгы жаралды.

Ошондой эле илдетке каршы вакцинанын илгерилебй жатканы абалдын курчушуна түрткү болгону белгиленди.

Дүйнө жүзүндө коронавирус болгондор 134 миллион адамга чамалап, үч миллиондой бейтаптын өмүрү кыйылды.