Кармышаков: Маянаны көтөрүүгө каражат табылды

Иллюстрация.

Экономика жана финансы министрлиги медкызматкерлердин эмгек-акысын көтөрүү үчүн кошумча 1 миллиард 131 миллион сом таап, жумшай турган болууда.

Бул тууралуу мекеменин жетекчиси, вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков 9-апрелде брифингде билдирди.

Анын айтымында, 1-апрелден тартып үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы эки эсеге жогорулады. 1-июлдан тартып саламаттык сактоо тармагында иштегендердин баарынын айлыгы 50% көбөйтүлөт.

Министр кошумча каражаттын булагын тактаган жок.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлеринин маянасы 100% жогорулаганын буга чейин президент Садыр Жапаров жарыялаган. Ал башка тармактарда иштегендердин айлыгын жана пенсия, жөлөк пулду көтөрүүгө каражат изделип жатканын, ансыз бюджет туруштук бере албай турганын билдирген.

Учурда үй-бүлөлүк дарыгерлердин орточо айлыгы бир штаттык бирдикте 8598 сомду түзөт. Жогорулагандан кийин ал 17 198 сом болот. (NT)

Дагы караңыз

Махмудов, Шаршенбеков жана Жусупбеков Олимп оюндарына барат «Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттеринин иши талкууландыРеферендум: 183 эл аралык байкоочу каттоодон өттүМурун Матраимовго таандык болгон имаратта калкты тейлөө борбору ачылдыАКШ Украинага аскер кемелерин жибериши мүмкүнКүбө: Айзаданы уурдашканы тууралуу милицияга 7:21де маалымат бергем