Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого карата 31 мамлекеттен 183 байкоочуну каттады.
Мындан тышкары Өзбекстан, Улуу Британия, Казакстан, Беларус, Германия, Түркмөнстан жана башка мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтеринин, «32 тобу», Европа, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши баштаган уюмдардын өкүлдөрү аккредитация алышты.
Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.
Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат. (NT)
Дагы караңыз
Мурун Матраимовго таандык болгон имаратта калкты тейлөө борбору ачылдыАКШ Украинага аскер кемелерин жибериши мүмкүнКүбө: Айзаданы уурдашканы тууралуу милицияга 7:21де маалымат бергемЭмомали Рахмон Ворухка келди