Коронавирус жугузуп алган медкызматкерлер көбөйдү

Пандемия шартында иштеген медкызматкер. Июль, 2020-жыл. Бишкек шаары.

Кыргызстанда COVID-19 илдетин жугузуп алган медицина кызматкерлеринин саны кайра көбөйгөнү байкалууда.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 7-апрелге карата статистикасына таянсак, акыркы бир сутка ичинде өлкөдө вирус сегиз кызматкерден аныкталды. Алардын үчөө Бишкекте, экөө Ош шаарында иштегендер. Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарында бирден учур табылды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери оору 4282 медкызматкерге жугуп, анын 4215и айыгып чыкты. Вирустан кайтыш болгондор 100дөн ашты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ооруп айыккан 1500дөн ашуун медициналык кызматкерге 200 миң сомдон кенемте берилди. Ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөсүнөн 60 арыз түшүп, 32 үй-бүлөгө бир миллион сомдон кенемте төлөндү. Жалпы кенемте төлөөгө 185 миллион сом жумшалды.

Мекеме кенемте төлөөнүн тартибин 2021-жылдын 11-январынан тартып өзгөрткөн. Анын негизинде вирус жугузуп алган дарыгерлерди изилдеп, чечим чыгаруу милдети ооруканадагы жетекчиликке берилген. Вирус жугузуп алгандар үчүн кенемте 75 миң сомду түзүп калган.

Акыркы күндөрдө өлкөдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла арбын болууда. Күн сайын расмий каттоого алынган бейтаптардын саны 100дөн ашып жатат. Оору жугузуп алгандар негизинен Бишкек менен Чүйдө көп катталууда. 7-апрелге карата вирустан үч киши каза болуп, 161 адамдан табылды. Бир жылдан ашуун убакытта курмандыктардын расмий эсеби 1512ге жетти.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы былтыр июль айында курчуп, көп кишинин өмүрүн алган. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан болчу. (NT)

Дагы караңыз

Рамазан айындагы битир-садаганын өлчөмү бекитилдиМигрант кайгысы: төлөнбөгөн маяна, түрткүнчүк абалЧек ара: Сайлыктар жергиликтүү элдин пикирин эске алууну суранышты Тажик президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына келетКыргызстан апрель окуяларынын курмандыктарын эскерди