Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) Аалымдар кеңеши менен биргеликте быйылкы Рамазан айындагы битир-садаганын өлчөмүн бекитти.
Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы 7-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, быйыл битир-садаганын орточо баасы киши башына 40 сом деп бычылды.
Садага-битир 1,6 килограмм буудай (40 сом), ун (56 сом), мейиз (640 сом) же 3,2 килограмм арпа (64), курманын баасы (512 сом)менен эсептелди. Же булардын акчалай наркы берилет.
Муфтияттын билдирүүсүндө, битир-садага берүүчү адам мунун кайсынысын берсе өз ыктыяры. Базар баасынын олку-солку болуп жатканына байланыштуу битир-садага берген учурда бул беш азыктын наркын эске алуу сунушталды.
Аалымдар кеңешинин чечими менен Рамазан айы 13-апрелде башталат. Айдын чыгышына жараша бир күнгө айырма болушу мүмкүн. (NT)
Дагы караңыз
Мигрант кайгысы: төлөнбөгөн маяна, түрткүнчүк абалЧек ара: Сайлыктар жергиликтүү элдин пикирин эске алууну суранышты Саясатчы Адахан Мадумаров ооруканадан чыктыТашкентте инфекциялык оорукананын мурдагы башкы дарыгери соттолдуБишкектин көйгөйлөрүн көтөргөн дебаттар