Бишкек шаарындагы муниципалдык мектептер 12-апрелден баштап аралыктан окутууга өтүп, бала бакчалар жабылат.
Бишкек мэриясынан кабарлашкандай мындай чечим 6-апрелде эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын жыйынында кабыл алынды. Окуунун мындай тартиби борбордо эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин уланат.
Маалыматка ылайык, баш калаада эпидемиологиялык кырдаал курч, акыркы жумада Бишкекте COVID-19 жана пневмония оорулары көбөйдү.
Ал эми участкалык шайлоо комиссиялары жайгашкан 14 бала бакча 8-апрелден тартып иштебейт.
Бишкекте санитардык көзөмөл күчөтүлүп, чарба жүргүзүүчү субъекттерди текшерүү да күчөтүлдү.
Кыргызстанда акыркы күндөрү күн сайын 100дөн ашык кишиден коронавирус аныкталып жатат. Алардын көбү Бишкекте.
Мэриянын бул чечими муниципалдык билим берүү мекемелерине гана тиешелүү. Жеке менчик мектеп, бала бакчалар Билим берүү жана илим министрлигине карайт. (BTo)
Дагы караңыз
Апрель окуясы: үмүт жана өкүнүч Бишкектин көйгөйлөрүн көтөргөн дебаттарКөз жарган секелектин тууганы кармалдыПутин президенттик мөөнөтүн дагы узарттыЖол эрежеси: эки берененин айып пулу азаят