Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалыматына ылайык Баткендин Лейлек районундагы Булак-Башы айылынын тургундары Майты аймагындагы 3 гектардай жердеги жазгы айдоо иштери токтотулганына нааразы болушкан.
Лейлек районунун жетекчилиги Тажикстандын Согд облусунун Жаббор-Расул районунун бийлиги менен 2021-жылдын 24-мартында аталган аймак бир тараптуу чечилгенге чейин эч кандай чарбалык иш жүргүзбөө боюнча чечим кабыл алынганын элге түшүндүрүүдө.
Чек ара кызматы Булак-Башы айылында ок атуу болбогонун билдирет. Учурда аталган аймактагы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. (TSh)
Дагы караңыз
ЖК комитети кумар оюндарына жол ачкан мыйзам долбоорду колдодуАкыйкатчы институту: Кудайберген уулу коронавирус болгон жок Садыр Жапаров ирандык ишкерлерди Кыргызстанга чакырдыИрандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келдиЧүйдө милиция "Йакын инкар" агымын колдогондордун үйүн тинтти