Жалал-Абадда 7-апрель окуясы эскерилди

Жалал-Абад шаарындагы 7-апрель окуясын эскерүү иш-чарасы. 2021-жылдын 6-апрели.

Жалал-Абад шаарында 2010-жылдагы 7-апрель окуясына арналган эскерүү иш-чарасы өттү. Ага облус башчылары, тарыхчылар, студенттер жана апрель окуясынын каармандары катышты. Чогулгандар шаардагы Эркиндик айкелинин алдына гүл чамбар коюп, куран окушту.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылган. Анын ордуна Роза Отунбаева жетектеген Убактылуу Өкмөт бийликке келген.

Кыргызстанда бул күн "7-апрель Элдик апрель революциясы" деп аталып, календарда кызыл менен белгиленген. (TB)

Дагы караңыз

Чек ара: Чечмедеги соңку чырды эки тарап талкуулайтБыйыл коронавируска каршы күрөшкө эки миллиард сом каралдыШаардык сот Тилекмат Кудайберген уулун абакта калтырды Бектурганов: Эрежелер сакталбай, вирус жайылып жатат Жол эрежесиндеги эки берененин айып пулу азайтылат (түшүндүрмө)