Экономика жана финансы министрлиги 2021-жылы коронавирус пандемиясынын кесепетин жоюуга 2 миллиард 400 миллион сом бөлөт. Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, бул каражат негизинен эпидемиологиялык абал курчуп кеткен учурдагы күтүлбөгөн чыгымдарга багытталган.
Мындан сырткары кыргыз өкмөтүнүн буйругуна ылайык, оору очогунда иштеген медициналык кызматкерлерге кенемте төлөп берүүгө Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине 500 миллион сом бөлүнөт.
2020-жылы коронавируска каршы күрөшкө жана бюджетти колдоого Кыргызстанга эл аралык донорлордон 774 миллион 433 миңдей доллар келери маалымдалган. Анын 177 миллион доллары грант, калгандары насыя болору айтылган.
Өкмөт былтыр жыл этегинде жалпы эл аралык жардамдын 347 миллиондой доллары алынганын кабарлаган. (TSh)
Дагы караңыз
Жол эрежесиндеги эки берененин айып пулу азайтылат (түшүндүрмө)COVID-19: Бир суткада эки бейтап кайтыш болду, вирус 124 кишиден табылды