Фарид Ниязовдун камактагы мөөнөтү узартылды

Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-апрелде президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун камактагы мөөнөтүн узартып, 10-июнга чейин №1 тергөө абагында камакта калтырды.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган.

Башаламандык учурунда 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен кошо айыпталып, №1 тергөө абагында кармалып турган Фарид Ниязов да бошотулган.

9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында митинг уюштурулуп, ал таш, бөтөлкө ыргытуу, ок атуу менен коштолгон. Милиция жаңжал боюнча иш козгоп, бул үчүн 10-октябрда Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов менен чогуу бир топ адамды кармаган.

Акыйкатчы институту 3-мартта Мирсаид Миррахимов атындагы кардиология жана терапия борбору Фарид Ниязовго 3-даражадагы гипертониялык оорусу бар деген диагноз койгонун кабарлап, Башкы прокуратурага анын бөгөт чарасын өзгөртүүнү сунуштаган. (BTo)

Дагы караңыз

Косоводо экинчи айым президент ишке кириштиИюнь коогасы кайра иликтенмей болдуЖаштардын жарым жылдык жүрүшү жыйынтыкталды