Кыргыз поэзиясында өзүнүн салмактуу орду бар белгилүү акын Жолон Мамытовдун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чара 1-2-апрель күндөрү Ош шаарында белгиленди. Салтанатка белгилүү акын-жазуучулар, коомдук, маданий ишмерлер жана акындын жакындары катышты.
1960-жылдары кыргыз поэзиясына жарык жылдыздай жанып кирген акын Жолон Мамытовдун 80 жылдык мааракеси 2020-жылга белгиленген, бирок ал маалда карантин чаралары киргизилгендиктен иш-чара быйылкы жылга жылган.
Улуу талантка арналган эки күндүк поэзия майрамы жогорку деңгээлде өткөнүн Жолон Мамытов атындагы фонддун төрайымы Гүлзар Абдимиталипова баяндады:
"Бул салтанатка Ош шаардык мэриясы, «Кара-Суу» коому, Ош мамлекеттик университети колдоо көрсөттү. Кечеге Бишкек шаарынан акындар, коомдук ишмерлер катышты. Ошондой эле жергиликтүү чыгармачыл чөйрө да колдон келишинче көмөктөштү. Иш-чарада кыргыз поэзиясына кошкон салымы үчүн акындар Алтынбек Исмаилов, Афина Бакирова, Калича Жакыпова, Улукбек Омокеев жана Максат Жангазиев Жолон Мамытов атындагы сыйлыкка ээ болуп, 30 миң сомдон акчалай байге алышты. Алдыда дагы да Мамытовго арналган иш-чараларды улантуу ниетибиз бар".
Адабиятта башка бирөөнүн таасиринде калып, бирөөнү кайталабаган акындардын бири – Жолон Мамытов. Дал ошол Жолон Мамытов атындагы ардактуу адабий сыйлыктын лауреаты болгон акындардын бири Алтынбек Исмаилов сыйлыктын сыймыгына жана жоопкерчилигине басым жасады:
"Бул адабий сыйлыктын ыйгарылышы мен үчүн күтүүсүз болду. Албетте бир жагынан кубансам, экинчи жагынан кооптондум. Себеби ар бир салмактуу сыйлыктын артында чоң жоопкерчилик, чоң жүк турат. Ошондуктан аванс катары берилген сыйлык деп эсептеп, аны менен бирге келген жоопкерчиликти жон терим менен сезип, окурмандардын алдында мындан да көбүрөөк эмгектенип, изденип, жаңы чыгармаларды жазганга бардык күчүм менен далалат жасайм".
Жолон Мамытовдун чыгармачылыгы боюнча бир топ жылдан бери изилдөө жасап келген адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты Ризван Исмаилова Жолон акындын таланты тууралуу 1998-жылы «Жолон Мамытовдун поэзиясы», андан соң акындын поэмаларына арнап «Эпикалык чабыттар» аттуу китеп чыгарса, быйыл эле «Үнү каткан улар» аттуу китепти даярдаган. Ал акындын талантынын өзгөчөлүгүн төмөнкүчө белгиледи:
"Жолондун бир өзгөчөлүгү - ал адабиятта эксперимент да жасап көргөн. Ал гипнотикалык кыймыл-аракет менен ойду чагылдыруунун бир формасы катары аракет кылды. Бирок ал нерсеси ийгиликсиз чыккан. Аны өзү да күндөлүгүндө жазган эле. Адабиятта экспериментти жөн кишилер жасабайт. Андан кийин Мамытов кадимки салттуу формада, кыргыздын ыр түзүлүшүнө, ак ырларга да кайрылып, адабиятта өзүнүн ордун тапты. Анын котормочулук өнөрүн да баса белгилебесем болбос. Айрыкча, орустун мыкты акыны Маяковскийдин ырларын мыкты которгон акын".
Акын Мамытов 48 жылдык өмүрүндө өз ысымын кыргыз адабиятынын тарыхына жаза алды. Рыспай Абдыкадыров, Калмурат Рыскулов өңдүү белгилүү обончулар анын ыр саптарына жазган обондору эл арасында ырдалып келе жатат. Мамытов шакирт тарбиялоо жагынан да мыктылыгын айгинелегени бышык. Адабият астанасын аттоодо ал инсандан зор колдоо алып калдым деген шакирти, акын Атантай Акбаров Жолон Мамытовдон ала алган өрнөгүн кеп кылды:
"Жолон акындын менин чыгармачылыгымдагы орду өтө чоң. Ал айкөлдүгү менен жаштарга колдоо көрсөткөн кең пейил сапатка ээ эле. Мен жаңы ыр жазып жүргөн чагымда китеп чыгаруу бир топ мүшкүл иш эле. Жазуучулар союзунун уруксат кагазы жок болсо, басмакана китепти чыгарчу эмес. Ошо кезде менин ырларым менен таанышкан Мамытов Жазуучулар союзунун атынан басмаканага өзү уруксат кат жазып, менин ырларымдын жарыкка чыгуусуна жардам кылган. Анан акын Темиркул Үмөталиевге да окуткан экен, ал да жактырып, баш сөз жазып берген. Ошондогу Жолон устаттын колдоосу али Жазуучулар союзуна мүчө боло элек, мендей жаш баланын адабиятка кадам таштоосуна жол ачкан".
Жолон Мамытовдун өмүрлүк жары Меңди Мамазаирова да элге белгилүү драматург, Эл акыны даражасына жеткен акын. Ал жолдошу Мамытовдун калтырган аманаты, элге билинбеген өкүтү, кубанычы тууралуу буларды билдирди:
"Жолон экөөбүз 24 жылдан ашуун бирге түтүн булаттык, бала өстүрдүк. Анын кайсы ырды кандай жазганы баары мага белгилүү. Анын өкүнгөнү “Коомдо иштеп, анан бала багам, үй-бүлө багам деп жүрүп поэзияга колум тийбей атат” дегени болду окшойт. Анан “Эгерде мага баарын таштап коюп, поэзия менен алектенгенге бир гана жыл убакыт болсо, ошондо акын боломбу же болбоймунбу билинет эле” деп калаар эле. Өзүнүн артынан өсүп келе жаткан таланттуу балдарга абдан көңүл бурчу. “Аман-эсен айыгып, айылыма барсам, ушулардын үйлүү болушуна күч үрөйм” деген тилектери бар эле".
Дагы караңыз Жолон акын: "Биз эми эрди-катын болбой калдык..."Акын Жолон Мамытов 1940-жылы 1-апрелде Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында төрөлгөн. 1957-1962-жылдары борбордогу К.И.Скрябин атындагы Айыл чарба институтунун ветеринария бөлүмүндө, 1969-1971-жылдары Москвадагы М.Горький атындагы институттун алдындагы жогорку курсунан билим алган.
Мамытов Ош облустук радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде, Кыргызстан кинематографисттер союзунда, ошондой эле Жазуучулар союзунун башкармасынын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.
Анын “Отту сүйөм”, “Жашыл аалам”, “Убакыт”, “Ырлар”, “Мезгилдин элеси”, “Буруул таңдын жомогу”, “Суунун өмүрү”, “Жарышкан суулар”, “Атка токум салгыла”, “Жүз жашка тол кылым”, “Башат жана Мухит” аттуу поэтикалык жыйнактары күйөрмандарынын алкоосуна татыган.
Чыгармалары орус жана башка элдердин тилдерине которулуп, өзү да Ф. Тютчевдин, А. Феттин, В. Маяковскийдин, М. Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Жолон Мамытов 1988-жылы 7-мартта 48 жаш курагында Москва шаарында оорудан улам дүйнөдөн кайткан.