3-апрелге караган түнү Дүйшөмбү шаарынан ондогон тажик мигранттарын Москвага жеткире турган орусиялык «ЮТэйр» авиакомпаниясынын туруктуу авиа каттамы үзгүлтүккө учурады.
Бул каттамга эки жүздөн ашуун адам билет сатып алган жана алар 2-апрелдин кечинен баштап Дүйшөмбүнүн эл аралык аэропортунда Москвага учуп кетүүгө даярданып турушкан. Ара жолдо, арасат абалда калган жүргүнчүлөрдүн көбү өлкөнүн ар кайсы аймагынан келгенин айтышкан.
«ЮТэйр» авиакомпаниясынын өкүлү Акбар Рахимов жүргүнчүлөргө бул каттам 9-апрелге чейин кармала турганын кабарлады. Бирок ал үзгүлтүккө учураган себебин ачык айткан жок. “Москва бул өлкөгө орус жарандыгы бар адамдардын гана учушун каалайт”, -деди Рахимов.
Буга чейин эки өлкө ортосундагы туруктуу авиа каттамдар 2-апрелден тартып калыбына келери кабарланган болчу. Ага ылайык, орусиялык паспорту жок тажик жарандары бир жылдык тыныгуудан соң Орусияга тоскоолдуксуз уча ала турганы айтылгане. Бирок эмне себептен орусиялык тарап өз чечимин өзгөртүп жибергени азырынча белгисиз.
Рахимов алыстан келген жүргүнчүлөр бир түнгө отелге жайгаша турганын айтып, кенемте төлөп берүү тууралуу ооз ачкан жок. Ал билет сатып алгандардын бардыгы Москвага учарын белгиледи. Бирок анткен менен ошол эле күнү «ЮТэйр» авиакомпаниясы кадимки рейс менен 258 жүргүнчүнү эч кандай тоскоолдуксуз эле Москвадан алып келди.