Оштун Алай районундагы Келдибек Белекбаев айыл аймагындагы Терек кыштагында мал карап жүрүп дайынсыз кеткен 14 жаштагы баланы издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.
Жекшембиде 40тай куткаруучу менен милиция кызматкерлери, андан сырткары ондогон жергиликтүү тургун өспүрүмдү издеп чыккан, бирок натыйжа болгон эмес. 14 жаштагы бала 2-апрель күнү жоголгон. Ал мал кайтарып жүргөн учурда ошол аймакка кар көчкү түшкөн. (TSh)
Дагы караңыз
Референдум менен шайлоого катышуучулардын тизмеси такталдыБишкекте төрт миңден ашык ит кутурмага каршы эмделдиӨзбекстан менен Казакстандан жардамга буудай үрөнү келет«Мегаком» 116 млн. сомго радиожыштыктарды сатып алды«САSA-1000»: Кыргызстан 15 жылда 23,3 млрд. кВт/с электр кубатын экспорттойт