Памирлик кыргыздарга паспорт берүү маселеси көтөрүлдү

Садыр Жапаров Алай районуна көчүп келген памирлик кыргыздар менен жолугушту

Президент Садыр Жапаровбүгүн 4-апрелде Оштун Алай районундагы памирлик кыргыздардан кабар алды. Жапаров Ооганстандан келген боордошторго Кыргызстандын жарандыгын берүү маселесин тездетээрин белгиледи.

Президенттин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, памирлик кыргыздар менен баарлашууда Садыр Жапаров ооган кыргыздарын ушул жылдын кыш мезгилине чейин көчүрүү ниети жөнүндө айтты. Бул үчүн мамлекетте жетиштүү мүмкүнчүлүк бар экени кабарланды.

Памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарты жок Чоң жана Кичи Памир тоолорун байырлайт.

2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. Кийинчерээк бир нечеси Ооганстанга кеткен бойдон кайтып келген эмес. (MiK)

Дагы караңыз

Дүйшөбаев: Июнь коогасы толук иликтенген«Нарын» эркин экономикалык аймагы «Хоргос» менен кызматташатБишкекте "Мыйзамдуулук үчүн" жүрүшүнүн акыркы иш-чарасы өттүМуфтият: Вакцина орозону бузбайтКоронавирус дагы 172 кишиден аныкталып, төрт адам каза болдуӨкмөт: Жол эрежесин бузгандардын айып пулу азайтылат