Муфтият: Вакцина орозону бузбайт

Кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина.

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтият) фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу коронавируска каршы эмдөө орозону бузбай турганын “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Эгер кимде ким орозодо, оозу бек учурунда вакцина алам десе эч нерсе болбойт”.

Муфтияттын маалыматы боюнча, быйыл Рамазан айы болжолдуу 13-14-апрель күндөрү башталат.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталды. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделери айтылган.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Бул үчүн Кытайдын SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген. (MiK)

Дагы караңыз

Өкмөт: Жол эрежесин бузгандардын айып пулу азайтылатТүркмөн акчасы кунун кескин жоготтуМырзакматов “Ата Журт-Кыргызстан” партиясын административдик ресурс колдонууда деп сындадыКорей парламентинин төрагасы Ысык-Көлдөгү туристтик мүмкүнчүлүктөрдү көрөт Европа Биримдиги АКШнын ЭКСнын прокуроруна чектөөнү алып салышын кубаттайтТайван темир жол кырсыгында набыт кеткендердин азасын күтүүдө