"Азаттык" радиосунунун мурдагы кабарчысы, журналист Жаркын Суран кызы аймактагы жергиликтүү элдин социалдык турмушуна, аялдардын укуктарына байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан журналист катары таанылып, жарандык журналистиканын башкача жагдайын ача алды.
"Азаттык" радиосунда көп жыл эмгектенип жүрүп эс алууга чыккан журналист Жаркын Суран кызы Темирбаева 3-апрелде 66 жашында узак оорудан улам көз жумду. Маркум кесиптешибизди замандаштары эскерет.
Дагы караңыз Жаркыраган шам чырак элеЖаркын Суран кызы 1955-жылы Өзгөн районунун Тоо-Дыйкан айылында туулган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинде журналистика адистигине окуган. Эмгек жолун райондук “Өзгөн нуру” гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштап, редакторлукка чейин жеткен. Ал аймактагы жергиликтүү элдин социалдык турмушуна, аялдардын укуктарына байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан журналист катары таанылган.
Журналисттик ишин 1990-жылдардын ортосунда “Азаттык” радиосунда улантып, адам укуктары, аялдар укугу багытында адистешкен журналист катары калыптаган.
Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев Жаркын Cуран кызынын абактагы адамдардын укугу үчүн жан үрөгөн аракетин укук коргоочулук менен салыштырып, 1990-жылдагы Ош окуясында оор кылмышка айыпталган адамдарды абактан сууруп чыгуу иштеринде анын да эмгеги зор экенин мындайча эскерет:
"Жаркын журналисттердин арасында өзүнүн мекенчилдиги менен белгилүү. Себеби, 1990-жылдагы Ош окуясынан кийин өлүм жазасы берилгени жаткан 12 баланын үстүнөн иштеп жатканда Жаркын да катуу чуркаган. Алардын ата-энеси Бишкекке келип, ошол кездеги президент Аскар Акаев аларды кабыл алууга жардам бергенбиз. Аларды кийин мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарганбыз".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Топчубек Тургуналиев 2000-жылы Бишкектеги №47 абакта жаткан кезде Жаркын Суран кызы палоонун астына диктофонду жашырып кирип андан эки жолу интервью алып чыкканын айтып берди:
"Мен абакта жатсам "байбичеңиз келди” деп калышты. Көрсө, Жаркын “мен Топчукенин байбичесимин” деп кирип кетиптир да. Ал ошондо өзгөн күрүчүнөн укмуштай сонун палоо жасаптыр, үстүнө ысык бышкан эки нанды басып алып келиптир. Жолугушуу бөлмөдө кароочуларга далысын салып отурду. Мени төр жакка отургузду. Бир маалда эле “Топчуке, сиз шашпай палоону жей бериңиз. Эч шашпай жеңиз. Менин бир топ суроолорум бар, ошолорго жооп бере бериңиз”, деп менден маек алып кеткен. Ошондо кыйла таң калгам. Эки күндөн кийин дагы келип калыптыр. “О, Жаке, эмне болду?” десем “кашайып жакшы жазылбай калыптыр” деп пальтосунун ортончу топчусун чече салды. Көрсө, диктофонду тээ койнуна катып келген экен, жеңинин учунан микрофонун чыгарып кайра суроолорун берип кеткен. Кийин көрүп калган жерден тамашалап күлүп жүрдүм, “Жаке, тиги койнуңдан диктофондун башын чыгарып маек алдың эле” десем “коюңузчу” деп танып калчу".
Дагы караңыз Жаркын маанай чачкан журналист түбөлүк жайга кеттиЖаркын Суран кызынын Аскар Акаевдин бийлиги маалында саясий куугунтуктоонун айынан абакта жаткан оппозициячыл саясатчылар Топчубек Тургуналиев менен, андан соң Феликс Кулов менен жазма аппараттарга жүргүзгөн интервьюлары эл аралык коомчулукта өзгөчө кызыгуу жараткан. Абактын ичинен маектешүүгө байланыштуу бул окуялар Борбор Азия журналистикасы үчүн алгачкы учурлардан деп айтсак болчудай.
Жаркын Cуран кызы менен бирге окуп, кийин 20 жылдай "Азаттык" үналгысында иштеген жалалабаддык журналист Ырысбай Абдыраимов анын соңку жылдардагы жазуучулук өнөрүнө баа берди:
"Жаркын менен КМУнун журналистика бөлүмүндө чогуу окуганбыз. Райондук гезитте иштеп жүргөндө да жергиликтүү проблемаларды көтөрүп, аябай жакшы иштеген. Кийин пенсияга чыкканда “РухЭш” сайтына аңгемелери жарыяланып калды. Чыгармалары элге жугумдуу, жакшы тилде жазылыптыр. Абактагылар тууралуу да чыгармаларын жазып, менчик гезитине жарыялап жүргөн. Өткүр, кайратман, шамдагай, шайыр, ачык, жакшылык гана болсун, акыйкаттык орносун деп жан үрөп жүргөн кыздардан болгон".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жаркын Суран кызынын акка моюн сунганын угуп, анын кесиптештери социалдык тармактарда да эскерип жатышат.
Журналист Машакбай Рахманкулов:
"Бирге иштешип калдык эле. Ал Ошто, мен Таласта кабарчы. Палоонун ичине диктофон бекитип алып, түрмөдөгү Тургуналиевден интервью алып чыкканы журналистиканын хрестоматиялык мисалы десек болот. 2010-жылдагы Ош окуясынан кийин өкмөттү Ошко көчүрүү идеясына байланыштуу "Кыргызстан - наш общий дом эмес" деген макаламды жазып чыксам, кийин ошол макаламды өзү чыгара баштаган гезитине кайра басып чыккандагы кубанычы эсте. Кудагый да болуп калган жайы бар эле. Атына заты жарашкан айым болчу. Арты кайырлуу, жаткан жери жайлуу болсун!".
Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин:
"Ай, опоосуз дүйнө... Жаман иш болгон экен... Кайран гана Жаркын эже... Биринчиси - эркек болуп төрөлбөй калып жаңылдыңыз эле. Экинчиси - өмүрдөн эрте кетип жаңылыпсыз. Журналисттик иштерде кадам ташталбай турган жерлерге кадам таштайт элеңиз. Адамгерчилик иштерде ар дайыма өзүңүздөн мурун өзгөнү ойлойт элеңиз. Отуруш, эс алуу иштеринде чокчолоңдоп гана чок ортону ээлечүсүз. Канча иштерди жасасаңыз да, жалгыз мактанычыңыз бар эле: “Бечара апамды эки падыша менен бир дасторкондо даам таттырдым...”. КГБнын башчысын “Жакшыраак болчу, айланайын, колуңду чөнтөккө салбай”, – деп зекип-нукуганыңыз, башкалар жанына отура албай аткан жаалдууга баштыкты карматып коюп, кешик салганыңыз эсте... Кайран гана кашкөй, Жаркын эже... Жаратканым эми бейишиңизди берсин..."
Жаркын Суран кызы "Зындан" аттуу эркин гезит чыгарып, анда бейкүнөө соттолгондордун, өлүм жазасына тартылгандардын укуктарына байланышкан маалыматтарды, талдоолорду, бейнелерди жана маектерди басып чыгарып турган. 1990-жылдагы Ош окуясы тууралуу эскерүүлөрдү жазган.
Жаркын Суран кызы Темирбаевага 2010-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" мамлекеттик наамы ыйгарылган. 2013-жылы Азамат Алтай атындагы эл аралык коомдук фондунун сыйлыгын алган. Мындан башка ондогон сыйлыктардын ээси.