Тайванда поезд кырсыгында ондогон адам курман болду

Кырсык болгон жер. 2-апрель, 2021-жыл.

Тайванда жүргүнчү ташыган поезд менен атайын техника кагылышып, бери дегенде 36 адам көз жумду. Ондогон киши жараат алганын жергиликтүү басылмалар кабарлашты. Авария 2-апрелде аралдын чыгышындагы туннелде болгон. Куткаруу иштери уланууда.

Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, Тайпейден Тайдунду көздөй бараткан поездде 350дөй жүргүнчү болгон.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, инженердик-техникалык атайын автоунаа туура эмес токтотулуп, поезддин жолуна туруп калган.

Reuters агенттиги бул аварияны аралда соңку 40 жылдагы ири темир жол катастрофасы деп жазды. 1981-жылы поезд кырсыкка кабылганда 30 адам өлгөн.

Башка кабарлар

Кыргызстанда коронавирустун жаңы штаммы бар-жогу изилденип жататУлукбек Марипов азырынча коронавируска каршы вакцина албайт "Ак-Жол" бекети 305 миллион сомго оңдолдуCOVID-19: Бишкек менен Чүйдө ооругандар көпCOVID-19: Токаев казакстандыктарды вакцина алууга чакырдыАрмян парламенти шайлоо мыйзамын өзгөрттүКТРКнын байкоочу кеңеши Уракунованы иштен кетирүүнү колдодуУкраина чек арада орус аскерлеринин көбөйүшүнө кооптонду Түркмөнстан: Президентти "кет" деген баракчалар тарадыБахтияр Шакировдун өлүмүнүн чоо-жайы териштириле баштадыБШК шайлоо бюллетендерин аймактарга жөнөттүЫргал Кадыралиеванын депутаттыкка талапкерлиги жокко чыгарылды