КТРКнын байкоочу кеңеши Уракунованы иштен кетирүүнү колдоду

КТРКга кирген каналдардын логотиптери.

КТРКнын Байкоочу кеңеши Коомдук телеканалдын жетекчисинин орун басары Жылдыз Уракунованы кызматтан бошотуу тууралуу сунушту колдоду. Мындай арыз менен кеңешке мекеменин жетекчиси Бактияр Алиев кайрылган.

Байкочу кеңештин мүчөсү Азамат Болгонбаев бул маселе 1-апрелде каралганын бышыктады.

“Анын (Уракунова. ред.) эмгек жамаат менен жакшы иштеше албаган жагдайлары жана дисциплинардык эрежелерди бузган фактылары бар экен. Башкы директор ушулардын негизинде бизге кайрылуу жасады. Жыйынга катышкан Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен 10 киши колдоп бердик”, - деди Болгонбаев.

Буга чейин президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Уракуновага тартиптик чара көрүү тууралуу Байкоочу кеңешке кайрылганы белгилүү болгон. Болгонбаев бул кайрылууну кароодон баш тартышканын белгиледи.

Уракунова КТРКнын башкы директорунун телеберүү боюнча орун басары болуп иштейт. Буга чейин айрым маалымат каражаттар Уруканова менен Байтерек Жерүй алтын кениндеги фабриканы ачуу аземинде өз ара араздашып кеткени тууралуу жазышкан.

Байкоочу кеңешке 14 адам мүчө. Алардын бешөөнү президент, дагы ушунча адамды парламент, калган мүчөлөрдү жарандык коом сунуш кылат. Көрсөтүлгөн талапкерди парламент иргеп тандайт. (MiK)

Дагы караңыз

Абактагы тажик активистинин ден соолугу начарлап, ооруканага түштүБахтияр Шакировдун өлүмүнүн чоо-жайы териштириле баштадыАбактагы Навальный арыктап кеткени кабарландыБШК шайлоо бюллетендерин аймактарга жөнөттүЫргал Кадыралиеванын депутаттыкка талапкерлиги жокко чыгарылды