Аксы: Көз жарган секелектин иши иликтене баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 1-апрелде Аксы районунун дарыгери милицияга 2007-жылы туулган кыз төрөт бөлүмүнө келип көз жарганын билдирген.

Окуя боюнча Аксы райондук ички иштер бөлүмү текшерүү иштерин баштады. Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Талант Эмилбеков төрөгөн кыз 7-класстын окуучусу экенин билдирди. Мектепте эң жакшы баага окуганын, коомдук иштерге активдүү катышып жүргөнүн айтууда.

Окуя боюнча мектептин жетекчилигине тартиптик чара көрүлгөнү белгилүү болду. (MiK/TB)

Дагы караңыз

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” бекеттери жүргүнчүлөр үчүн ачылдыДепутаттарды шайлоо ыкмасын өзгөрткөн мыйзам биринчи окуудан өттүHRW “Талибандан” журналисттерге карата кысымды токтотууну талап кылдыЖыштык чуусу: Черногубова жана Жылышбаев мамлекетке 260 миң сомдон төлөмөй болуштуЭкс-депутат Аманкулов мамлекетке 50 миллион сом төлөдү