2-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде кар жаайт.
Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу аймактарында кар жаайт, калган жерлерде жаан-чачын жок. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1...-3 үшүк жүрөт, күндүз 3…8;
Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз 2…7;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…5, кээ бир жерлерде -1...-3 үшүк жүрөт, күндүз 8…13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;
Нарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүз -7…-12 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан, кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 6…8 градус жогору болот.
Дагы караңыз
«Жарандык көзөмөл комитети» Гүлбара Калиеванын ишин саясий кысым деп баалап, БУУга кайрылдыБишкек быйылкы жылдын алгачкы веложүрүшүнө камдануудаCOVID-19: Вирус дагы 164 адамдан табылды, бир бейтап каза болдуЖапаров Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш түздү