Жумалиевдин камактагы мөөнөтү узарды

Кубанычбек Жумалиев.

Коррупцияга шек саналып кармалган мурдагы премьер-министр, азыркы депутат Кубанычбек Жумалиевдин камактагы мөөнөтү 14-апрелге чейин узартылды. Токтомду 31-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Жумалиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 4-февралда Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча кармап, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга, 4-апрелге чейин камакта калтырган.

Ал март айынын башында Бишкектеги менчик ооруканага кан басымына жана жүрөк оорусуна байланыштуу жатканы кабарланган.

Жумалиев Бишкектеги «Бикард» жеке менчик ооруканасынан УКМКнын тергөө абагына кайтканын атайын кызмат 29-мартта кабарлаган.

Кубанычбек Жумалиев Эл аралык медициналык университетке лицензия алууда, ошондой эле кылмыштуу жол менен табылган кирешени легалдаштыруу, салык жашыруу, мыйзамсыз баюу боюнча айыпталууда. (MiK)

Дагы караңыз

Тарых музейи 31-августка чейин ачылатКоронавирустан абалы өтө оорлоп кеткендер көбөйүүдөCOVID-19: Вирус дагы 164 адамдан табылды, бир бейтап каза болдуТашиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча чагымга алдырбоого чакырдыЖапаров түрк дүйнөсүнүн инвестициялык фондунун кеңсесин Бишкекте ачууну сунуштадыФергана облусунун акими 1-апрелде Сох-Риштан жолу ачылаарын тастыктады