Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакировдун Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалышы талкууга түштү.
Айрымдар муну Октябрь окуяларындагы үмүт-максаттардын уурдалышы катары сыпаттап, олигархтык топтордун басымы деп божомолдоп атышат. Бакировдун адистик дараметин оң баалагандар анын иштешине мүмкүнчүлүк бериш керек деген ойдо.
Талкууга түшкөн дайындоо
Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү Мирлан Бакировду “жемкорлукту жактаган саясатчы” деп сыпаттоодо. Анын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалганын "Кабар" агенттиги 30-мартта маалымдагандан соң социалдык желеде сын-пикир арбыды.
Укук коргоочу Эржан Сулайман бул дайындоону 2020-жылдын октябрында толкуган, өлкөнүн өнүгүүсүнөн үмүт кылып чыккан элдин "мүдөөсүн тебелөө" катары баалагандардын бири:
“Саясий, криминалдык жана олигархтык күчтөрдүн биргелешкен саясатынын натыйжасын көрүп жатабыз. Бул жерде мамлекеттин эмес, айрым топтордун кызыкчылыгы иш жүзүнө ашып жатат”.
Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутаттыкка шайланган Мирлан Бакиров 2017-жылдын декабрында парламенттин вице-спикери болгон. Ал 2010-жылы "Республика", 2015-жылы "Өнүгүү-Прогресс" партияларынын тизмеси менен парламентке келген.
Ал эми 2020-жылдын 4-октябрында өтүп, кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесин жетектеген. Партиянын артында бажы тармагында коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алган Райымбек Матраимов (Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары) турганы айтылып келгендиктен, жарандык коомдо Бакировдун дарегине сын-пикир көбөйгөн. Шайлоонун артынан чыккан нааразылыктардан кийин бийлик алмашып, 23-декабрда ал өз каалоосу менен кызматын тапшырган.
Бакиров Коррупцияга жана кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып тагылган Райымбек Матраимовду колдоп, 2021-жылдын 28-февралында Ошто өткөн митингге да катышкан.
Анын тууганы, Жалал-Абадда шаарды көрктөндүрүү боюнча муниципалдык ишкананын мурдагы жетекчиси Төлөнбек Бакиров "мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген шек менен 9-февралда кармалып, эртеси үй камагына коё берилген.
“Азаттык” азырынча Бакировго байланышып, анын дарегине айтылган сындарга комментарий ала алган жок.
"Бакиров - тажрыйбалуу адис"
Мирлан Бакиров төрага болуп дайындалган Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мамлекеттин менчигиндеги мүлктү сатуу, ижарага берүү, конфискацияланган объектилердин базасында бюджетке киреше алып келүү милдетин аткарат. Коомчулукта “кирешелүү” деп мүнөздөлгөн бул мекеменин төрагасын өкмөт башчы дайындайт.
Бакиров жетекчи катары ишин баштаганын аталган мекеменин кызматкерлери 31-мартта “Азаттыкка” билдиришти. Бирок өкмөттүн сайтында дайындоо тууралуу расмий маалымат чыга элек.
Фонддун мурдагы башчысы Жылдызбек Исакулов февралда өз каалоосу менен иштен кеткен.
Парламенттин мурдагы депутаты, Жылдызкан Жолдошева Бакировдун кызматка дайындалышында өөн эч нерсе жоктугун айтты:
“Анын бул кызматты аркалоого дарамети жетет. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектеш үчүн финансылык, экономикалык жана юридикалык тажрыйба керек. Бакиров мыкты финансист жана экономиканы жакшы түшүнөт. Мыйзам чыгаруу органында – Жогорку Кеңеште эки чакырылышта депутат болду. Бул чоң тажрыйба, демек юридикалык жактан да дарамети жакшы. Ал эми аны Матраимов менен тыгыз байланышта дегенге кошулбайм. Аны жакшы билем, таза инсан деп айта аламын”.
"Кадр саясатындагы чабалдык"
Дайындоолор негизинен өкмөт башчыга көз каранды болгону менен кадр саясатына байланыштуу сын көбүрөөк президент Садыр Жапаровдун дарегине айтылууда. Жарандык активист Мирбек Маматкасым соңку дайындоону бийликтин кадр саясатынын чабалдыгы катары мүнөздөдү:
“Бийликтин табияты ушундай – ким келсе да тегерегине өзү ишенген, мыкты деп эсептеген кишилерди чогултат экен. Башкалардын пикирин эске албайт. Өзү ишенген адамдардын арасында таза, менежерлик сапаты мыкты кишилер жок болсо, анда айла жок”.
Кыргызстанда бийлик алмашкан алты ай аралыгындагы кадрдык дайындоолорду буга чейин да сын коштоп келген. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Адыл Бакиевдин жардамчысы Айбек Артыкбаевдин тышкы иштер министринин орун басары болушу, Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеевге генерал-майор наамы берилип, Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалышы да сындалган.
Садыр Жапаров 2-февралда «Фейсбуктагы» жеке баракчасында кадр маселесине байланыштуу билдирүү тараткан. «Минтип отурсак өлкөбүздүн ичинен бир да татыктуу кадр таппайбыз, башка планетадан издешибиз керек болот» деген Жапаров акаевчи, бакиевчи, атамбаевчи же жээнбековчу дегенди токтотуш керек экенин айткан.
Ал арада 31-мартта Акыйткатчы институтунун орун басары кызматына Анвар Султанбековдун талапкерлигин парламент жактырбай койду. Буга чейин анын аты "Азия универсал банкында" иштеп тургандагы финансылык маселелерде аталган.