Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-Кытай чек арасындагы «Торугарт» бекети аркылуу жүк ташыган автоунаалар.

Кыргыз-Кытай чек арасында жайгашкан "Торугарт-автожол" жана "Эркечтам-автожол" өткөрмө пункттары 3-апрелден 5-апрелге чейин жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, мындай тартип коңшулардын мамлекеттик майрамына байланыштуу Кытай тараптын сунушу менен киргизилген.

Торугарт жана Эркечтам жолдорундагы кыймыл 6-апрелден тартып жанданат.

Мамлекеттик чек ара кызматы бул посттор Кытайдан Кыргызстанга товар ташуу үчүн гана иштеп жатканын кошумчалады.

Кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында жана Кытайдын улуттук мааракелеринде жыл сайын жабылып турат. (MiK)

Дагы караңыз

Парламент Жогорку соттун төрайымын кызматтан убактылуу бошоттуБразилияда коронавирустан каза болгондор көбөйдүПарламент акыйткатчынын орун басарлыгына Султанбековдун талапкерлигин жактырган жокКоронавируска каршы жаңы чектөөлөр боюнча чечим кабыл алынатМай майрамдарындагы эс алуу күндөрү аныкталды