Май майрамдарындагы эс алуу күндөрү аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы май майрамдары кайсы күндөргө туш келери белгилүү болду. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы 31-мартта “Азаттыкка” билдиргендей, 1-май быйыл дем алыш күнүнө туш келгендиктен анын ордуна кыргызстандыктар 3-майда эс алышмак, бирок ал эс алуу күнү өкмөттүн токтому менен 8-январга которулуп калган.

Ошондуктан 1, 2-май ишемби жана жекшембиден тышкары 5-майда Конституция күнүндө, Жеңиш күнү жекшембиге туш келгендиктен 8, 9 жана 10-майда эс алуу болот.

Мындан тышкары майдын 13ү же 14ү Орозо айт майрамы белгиленет. (RK)

Дагы караңыз

Бразилияда коронавирустан каза болгондор көбөйдү31-мартта жаан, кар жаайтОрусияда жергиликтүү тургун Россгвардияга ок аттыМакрон, Меркел жана Путин Навальный, Сирия, Украина, вакцина маселелерин талкуулашты