1-апрелдин аба ырайы

Иллюстрациялык сүрөт.

1-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, кээ бир жерлерде -1...-3 үшүк жүрөт, күндүз 0…5;

Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 0…5;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6;

Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -21…-26, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкекте жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 1…3 градус.

Дагы караңыз

Парламент акыйткатчынын орун басарлыгына Султанбековдун талапкерлигин жактырган жокПарламент Жогорку соттун төрайымын кызматтан убактылуу бошоттуАКШ Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына тынчсыздануусун билдирдиКоронавируска каршы жаңы чектөөлөр боюнча чечим кабыл алынат