Өкмөт өсүмдүк майы менен кумшекердин запасын көбөйтүү аракетинде

Өкмөт үйү.

Экономика жана финансы министрлиги өсүмдүк майы менен кумшекердин запасын толтуруу максатында 318,4 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Нурила Батыралиева "Азаттыкка" билдирди.

"Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 290,3 млн. сом, аны менен чогуу "Азык-түлүк" программасы боюнча чыгашаларга 220 млн. сом каралган. Булардан тышкары учурда кумшекер менен өсүмдүк майынын запасын толтуруу үчүн 318,4 млн. сом бөлүндү. Ошондой эле министр күнүмдүк керектелүүчү товарларды кымбаттатпай, баасын турукташтыруу максатында бир катар ишкерлер жана соода түйүндөрүнүн жетекчилери менен жолуккан. Негизги деп саналган азык-түлүктүн: өсүмдүк майы, 1-сорттогу ун, кумшекер жана нандын баасын туруктуу кармоо боюнча "Народный" ("Глобус") жана "Фрунзе" соода үйлөрүнүн жетекчилери, дүң сатуучулар менен макулдашуу түздү. Макулдашуу 1-июнга чейин күчүндө болот".

Бүгүн - 30-мартта Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн, күйүүчү, майлоочу майлардын баасын турукташтыруу жана Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы жүк ташуучулар боюнча жүрүп жаткан иш-чаралар боюнча өкмөттүн маалыматын укмак. Бирок, комитеттин жыйыны депутаттар аз келгендиктен болбой калды. (ZKo)

Дагы караңыз

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды13 жаштагы секелекти зордуктагандарга сот өкүмү чыктыБылтыр коронавирус күчөп турганда жол эрежесин бузган ыктыярчылардын айып пулдары жоюлдуМуфтий шайлоо боюнча курултай 29-майга жылдыТашиев: Сох анклавындагы Кайтпаc, Өтүкчү чек ара бекеттери ачылдыБУУнун өкүлү Герман президент Жапаровго адам укуктары боюнча кеңеш түзүүнү сунуштадыТашиев: Талаштуу 13 миң гектар жер Кыргызстанга жазылдыТашиев: Чечме боюнча чечим кабыл алынган жок 31-мартта жаан, кар жаайтКазакстан коронавирустун жайылышы боюнча “кызыл зонага” кирдиБийликти сындаган тажик активисти Орусиядан депортацияланды