“Кумтөр”- акталбаган үмүттөр” деп аталган китеп жарык көрдү

Кубанычбек Исабеков.

Китеп Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-вице-спикер Кубанычбек Исабековдун калемине таандык.

Анын ачылыш аземи 30-мартта Бишкекте депутаттар, коомдук ишмерлер жана бир катар саясатчылардын катышуусунда өттү.

Исабеков китепте «Кумтөр» алтын кенинин ишмердүүлүгү, анын жергиликтүү тургундарга тийгизген таасири, кен иштетүүдөгү оош-кыйыштар тууралуу 16 жылдык иликтөөсү камтылганын билдирди.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет. Компаниядагы Кыргызстандын азыркы үлүшү 26% түзөт.

Быйыл 17-февралда парламенттеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын сунушу менен кендеги ишмердүүлүктү текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Фракция өз сунушун жаратылышты коргоо жана өндүрүштөгү коопсуздукка байланыштуу иштерди, буга чейин кабыл алынган токтомдордун аткарылышын текшерүү зарылчылыгы менен негиздеген. (NT)

Дагы караңыз

ИИМ шайлоого байланыштуу 78 маалымат боюнча териштирүү жүргүзүп жататТекебаевдин мандаты анын ишинде фигурант болгон Абдылдаевге берилдиТалас: аким сынактан эки орун басар өтпөй калды, бир аким кызматтан кеттиАкыйкатчы Башкы прокуратурадан Ниязовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүндүСайдулла Нышанов "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп шайланды