Сайдулла Нышанов "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп шайланды

Сайдулла Нышанов.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп депутат Сайдулла Нышанов шайланды. Ал эми фракция лидеринин орун басары кызматы депутат Шайлообек Атазовго берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында бүгүн, 30-мартта жарыяланды.

“Шайлоого жети депутат катышты. Бардыгы бир добуштан менин талапкерлигимди колдошту. Мен “Ата Мекен” партиясынан чыкканым менен фракциянын курамында калгам”, - деди Нышанов.

4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Сайдулла Нышанов “Ата Мекен” партиясына мүчөлүк кылууну токтотконун жар салган.

Нышанов 2005-жылы III чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. "Ата Мекен" социалисттик партиясынын тизмеси менен алгач 2012–жылы бешинчи чакырылышка, 2015-жылы азыркы алтынчы чакырылышка депутат болуп келген.

“Ата Мекен” фракциясын Нышановго чейин жетектеп келген Өмүрбек Текебаевдин мандатын 29-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку соттун чечими менен ажыраткан.

120 мандаттуу кыргыз парламентинде алты фракция бар. Парламентте "Ата Мекенден" 11 депутат бар. (MiK)

Дагы караңыз

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалдыТашиев: Сох анклавындагы Кайтпаc, Өтүкчү чек ара бекеттери ачылдыАскердик автоунаа катышкан кырсыкта ырчы Нурзат Ажыгожоева кайтыш болдуCOVID-19: Бишкектеги балдар аянтчалары кайра жабылатКоронавирустан улам чет өлкөгө бир катар авиакаттамдар токтотулдуАкыйкатчы Башкы прокуратурадан Ниязовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүндүТаласта Нылды айылынын тургундары митингге чыгышты